Депутат Масалиев: "Бүгүн премьер-министрдин бизге кылган мамилесин эске алалы, эртең коронавирус токтойт ошондо сүйлөшөбүз"

"Бүгүн премьер-министрдин бизге кылган мамилесин эске алалы, эртең коронавирус токтойт ошондо сүйлөшөбүз", - деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ошону менен катар эле депутат коронавируска каршы күрөшүү боюнча келип түшкөн каражаттар тууралуу маалыматты тез арада кагаз түрүндө берүүнү талап кылды. "Канча акча кайсы жактан алынды? Кайсы жакка жумшалды? Мага шайлоочулар кайрылып жатышат. Жооп беришим керек", - дейт Масалиев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул тууралуу маалыматты кагаз түрүндө бере турганын айтты.

Бүгүн депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат угууну сунушташкан. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр чакырыла турганын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан