Бүгүн, 19-апрелде Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов жана Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын өтүп жатат.
Жыйында Ноокат районунда коронавируска байланыштуу кырдаал туруктуу экени айтылып, учурда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатканы белгиленди.
"Ар бир айылда дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Азык-түлүк маселесине токтолсок, анын баасына күнүгө мониторинг жүргүзүлүп жатат. Социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилүүдө. 12 миң 500 адамга жардам көрсөтүлдү. Жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Мисалга алсак, мурунку жылга караганда буудай 256 гектарга көп айдалды. Жер семирткичтерди дыйкандардын үйүнө чейин жеткирип берүү каралып, ишке ашырылууда", - деди Ноокат районунун акими.