Бир жыл мурун: Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталган. Андан берки окуялар

Мындан бир жыл мурун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы орун алган.

Былтыр 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратылган. Алмазбек Атамбаевди коргоо максатында 22-июнь күнү "Элдик штаб" түзүлгөн. Ошол күндөн тарта экс-президент Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп келген. Атамбаев 8-июль күнү биринчи жолу, 10-июль күнү экинчи жолу, 18-июль күнү үчүнчү жолу ИИМге суракка чакыртылган. Бирок ал барган эмес. Атамбаев эгерде атайын кызматтын жоокерлери үйүнө кирип келсе, "каршылык көрсөтөм, жаран катары курал колдонууга мажбурмун" деп айткан.

2019-жылы 7-августта кечке маал атайын даярдыктагы жоокерлер Кой-Ташка Атамбаевдин үйүнө барышкан. Атамбаевдин тарапташтары колдоруна таш алып, спецназдарга каршылык көрсөтүшкөн. Бул окуяда бир катар адамдар жабыркап, бир спецназдын көкүрөк тушуна ок тийип каза болгон. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов катуу жаракат алган. Атамбаевдин тарапташтары спецназдарды кармап алышкан.

Кой-Таштагы жаңжалда каза болгон атайын даярдыктагы жоокердин жана күч органдарынын жаракат алган кызматкерлеринин окуясы боюнча кылмыш иши ачылган. Эртеси Атамбаев журналисттерге тарапташтарында курал жок болгонун айткан. "Курал менде гана бар болчу. Атайын даярдыктагы жоокерлер 3-кабатка көтөрүлгөндө 5-6 жолу жогору карай ок аткам. Тийдиби же жокпу билбейм. Эч кимге тийбегендей кылып аткам. Тарапташтарыма күнөөнү илип коюшпасын деп ачык айтып жатам", - деген Атамбаев.

Эмгек өргүүдө жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке кайтып келип, эртеси эртең менен Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөргөн. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы кезексиз жыйынга чогулуп, ага президент катышкан. Президент бул эки адамдын тиреши эмес экенин айткан. "Коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши", - деген өлкө башчы. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаевдин тарапташтары курал менен каршылык көрсөтөрүн атайын даярдыктагы жоокерлер күтпөгөнүн билдирген. Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири Фарид Ниязов Кой-Ташта кармалган спецназдын жоокерлери бошотулганын билдирген.

8-август күнү экс-президентти кармоо операциясы кайрадан башталган. УКМК менен ИИМдин кызматкерлеринин биргелешкен ишинин натыйжасында Алмазбек Атамбаев кармалган.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, аны Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө Кой-Таш окуясы боюнча соттук иштер жүрүп жатат. Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан