Коронавируска каршы вакцинаны аллергиясы бар адам ала албайт

Коронавируска каршы вакцинаны айрым адамдар алууга болбойт. Мындай билдирүүсүн Орусиянын Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиология институтунун профессору Анатолий Альтштейн жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, коронавируска каршы вакцинациядан өтүү учурунда адамдын ден соолугу жакшы болушу керек жана дене табы жогору болбошу зарыл. Эгерде адамда кандайдыр бир дары каражаттарына аллергиясы бар болсо, вакцина алуудан баш тартууга туура келет. Коронавируска каршы вакцинанын мындан башка каршы көрсөтмөлөрү жок жана улгайган адамдар үчүн да кооптуу эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан