УЕФА: "Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын финалы белгисиз мөөнөткө жылдырылды"

Коронавирус Европа өлкөлөрүндө тез жайылып жаткандыгына байланыштуу УЕФА уюму Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын финалын өткөрүүнү мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, УЕФА уюму Стамбул шаарында өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалын 30-майдан 27-июнга жылдырган. Ал эми Польшанын Гданськ шаарында боло турчу Европа Лигасынын финалын 27-майдан 24-июнга жылдырган.

Буга чейин УЕФА уюму быйыл жайында өтө турчу футбол боюнча Европа чемпиондугун (Евро 2020) коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан