"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 350 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 9-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 36 миллион 423 миң 659 (+354 миң 668) болду. Анын ичинен 25 миллион 359 миң 749 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 60 миң 370 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 559 миң 566 адамдан коронавирус аныкталды. 212 миң 651 адам каза болсо, 3 миллион 21 миң 252 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 835 миң 655 адамдан аныкталды. 105 миң 526 адам каза болсо, 5 миллион 827 миң 704 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 28 миң 444 адам вируска кабылган. 148 миң 957 бейтап көз жумса, 4 миллион 482 миң 822 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан