Президент: "100 миллион долларга чейин оорукана салабыз деген ишкерлер бар"

100 миллион долларга чейин оорукана салабыз деген ишкерлер бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Шаарларга, облустук борборлорго комплекстүү медициналык кызмат көрсөтчү жаңы типтеги ооруканалар курулат. Мунун баары менен жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарт түзөбүз. Ооруп калган адамдарыбыз, шаардын тигил башынан бул башына убара болбой, бир жерден комплекстүү медициналык кызмат ала турган шарт түзөлү деп атабыз. Бул көптөгөн Кыргыз жарандарынын тилеги. Мындай ооруканаларды куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде болот. Бул ишти азыр баштап алсак, буюрса келебиз деген инвесторлор бар. 100 миллион долларга чейин оорукана салабыз деп, эң алдыңкы технология менен курабыз деген ишкерлер бар. Өзүбүздөн дагы чыгат. Аларга көңүл бурулбай, шарт түзүлбөй, ошол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча ушул ишти баштабай туруп калган. Азыр жанданып жатат. Өзүм карап, тапшырма берип жатам", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан