Шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Токтосун Султанов өзүнүн берген арызынын негизинде Ленин райондук администрациясынын башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна акимдин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек мэриянын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспсекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Ал эми Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу Азамат Кадыров аткарат. Ал, буга чейин башчынын орун басары болуп иштеп келген. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.