Владимир Путиндин кызы коронавируска каршы вакцина алып, сыноодон өттү

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кызы коронавируска каршы Орусиядан чыккан вакцинаны алып, сыноодон өттү. Бул тууралуу президент өзү өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

"Вакцина туруктуу антитело жана клетка иммунитетин түзүп, тагыраак иштейт. Мен муну абдан жакшы билем. Анткени менин кыздарымдын бири вакцинаны алып көрдү. Бул жагынан алганда ал вакцинаны сыноого катышты деп ойлойм", - деди Путин.

Анын айтымында, биринчи эмдөөдөн кийин кызынын температурасы 38 градуска көтөрүлүп, эртеси 37 градуска төмөндөп, азыр ошол бойдон.

Буга чейин Владимир Путин дүйнөдө биринчи жолу коронавируска каршы вакцина Орусияда каттоодон өткөндүгүн жарыялаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан