Республикада мектеп жашындагы (7 жаштан 17 жашка чейин) апрель айында 37 баладан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, мектеп жашындагы балдар арасында коронавирус илдети март айында күчөгөнү байкалган.
"Өлкөдө 6-апрелге карата 37 баладан коронавирус илдети аныкталды. Ал эми мектепке чейинки курактагы (6 жашка чейин) март айында 74 бала илдетти жуктуруп алган. Апрель айында 23 баладан коронавирус диагнозу аныкталды", - деп билдирди министрдин орун басары.