Бүгүн, 5-июлда Орусиянын Москва шаарынан Кыргыз жарандары өлкөгө кайтып келишти. Бул ирет учак Бишкекке конгонун республикалык штабдан билдиришти.
Москва-Бишкек багыты боюнча өлкөгө дагы 424 Кыргыз жараны, анын ичинде 26 жаш бала кайтып келди. Андан тышкары жүргүнчүлөрдүн арасында Орусияда иштеп жүргөн медицина кызматкерлери жана практик дарыгерлер да бар. Алар коронавирус инфекциясы жана стационардан тышкары пневмония менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.
Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары кайтыш болгондор жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген. Өлкөгө кайтып келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылат.
Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.