Адистер тарабынан 4 миңден ашык адам текшерүүдөн өткөн. Жээнбеков Орусиядан келген дарыгерлер менен жолугушту

Бүгүн, 15-августта президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядан келген медициналык топтордун жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"Өлкө башчы Орусиядан келген медициналык топтордун жетекчилери Башкортостан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Орусиянын Коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Евгений Спиценко менен алардын өлкөбүздөн кетип жатканына байланыштуу жолугушту.

Мамлекет башчы жеке өзүнүн жана бүткүл Кыргыз элинин атынан Орусиядан келген адистерге алардын жасаган ишин, жергиликтүү дарыгерлерге практикалык жардам көрсөткөнү жана өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Орусиянын пезиденти Владимир Путинге ушундай оор мезгилде көрсөткөн жардамы үчүн, анын ичинде медициналык дары-дармектер жана жабдуулар түрүндөгү гуманитардык жардамы жана медицина адистерин жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирген.

Ал Орусия тарапты жаңы коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинанын катталышы менен да куттуктаган.

"Биз стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул пандемияга каршы күрөшүүдөгү бурулуш учуру болуп саналат. Биз бул жаңылыкты көптөн бери күтүп жүргөнбүз", - деп билдирген өлкө башчы жолугушуу учурунда.

Башкортостан Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов орус адистеринин Кыргыз өлкөсүндө аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу кыскача баяндап берген. Анын берген маалыматына ылайык, өлкөнүн 31 медициналык мекемесинде үч негизги багытта иш жүргүзүлгөн.

Анын ичине дарыгерлерди биологиялык коргоо жана эпидемияга каршы режимдин эрежелерин сактоо боюнча окутуудан өткөрүүнү, бейтаптарды дарылоо үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берүүнү, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууну жана башкаларды камтыган.

Орусиялык адистер тарабынан 4 миңден ашык адам текшерилип, 615 адам стационарлардан чыгарылган жана 594 адам чыгарууга даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан