17-августта Минск трактор заводунун жана Минск автомобиль заводунун жумушчулары көчөгө чыгып, Минскидеги трактор дөңгөлөктөрүн чыгарган заводуна барышты.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, ал жакка президент Александр Лукашенко барган болчу.
Жумушчулардын айтымында, президент алардын баары менен жолугушпай, цехтердин бирине чогулган "тандалма" кишилердин алдында гана сүйлөгөн.
"Айрымдар тентип жүргөнүн билем. Эми бир ишканада 150 же 200 киши аба ырайын өзгөртпөйт. Каалагандар иштесин. Көңүлү жокторду мажбурлабайбыз", - деп билдирген президент.
Буга чейин иш таштагандарга Беларусь телерадиокомпаниясынын журналисттери жана техникалык кызматкерлери кошулушкан. Иш таштагандардын эң негизги талаптарынын бири Беларуста жаңы шайлоонун өткөрүлүшү жана саясий туткундардын бошотулушу болуп саналат.