Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөлөрдү коронавирус пандемиясынан улам карантиндик режимди киргизбөөгө үндөйт.
Бул тууралуу аталган уюмдун башкы эпидемиологу Мария Ван Керховдин айтканына таянып,чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, аталган уюм өлкөлөрдө оорудан сактануу үчүн бет капты тагынууга жана социалдык аралыкты сактоого болгон талаптарды чектөөгө үндөйт.
Көптөн бери өлкөлөргө катуу карантиндик режимди аткарууну кеңеш кылып келген. Бирок азыр Мария Ван Керхове COVID-19дун экинчи жана андан кийинки толкундарында карантинге жол берилбей турганын жарыялады. Мындай чектөөлөр мамлекеттин экономикасына тийгизген кесепети медициналык пайдадан ашып түшөрү себеп болгон. Ошол себептүү пандемиянын кийинки толкундарында бет каптарды кийип, социалдык аралыкты сактоо жетиштүү деп ынандырат.