Америкада эгиз кыздар эгиз балдарга турмушка чыгып, бир убакта кош бойлуу болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бриттани жана Бриананын күйөөлөрү Жош жана Жереми. Булар бири-бирине өтө окшош эгиздер. Эгиз кыздардын айтымында алар дайыма бардык ишти чогуу кылышчу. Мисалы мектепти, айдоочулук күбөлүктү бир убакта окушса, турмушка да бир убакта чыгышкан.
Алар болочоктогу күйөөлөрү менен 2017-жылы Туинсберг шаарында эгиздер фестивалында таанышкан. Арадан алты ай өткөндөн кийин кыздарга эгиз балдар куда түшүп келишкен.
Андан соң Жош жана Жереми кыздардын бир убакта колун сурап, 2018-жылы үйлөнүшкөн. Учурда бактылуу үй-бүлөлөр чогуу бирге Виржиния штатында жашашат.