"Бир күн жаткан". Орусияда тирүү бейтапты дарыгерлер өлүкканага өткөрүп берип салган

Орусиянын Курск облусунун Горшечен атындагы Борбордук аймактык оорукананын дарыгерлери жашы өтүп калган бейтапты өлдү деп жаңылыштык менен өлүкканага жиберип салышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жашы өтүп калган бейтап ич оорусу менен райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын ичегисине операция жасашкан. Операция учурунда бейтаптан коркунучтуу шишик табылган. Операция ийгиликтүү өткөнү менен, аял клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Бейтап 30-40 мүнөт жандандыруу бөлүмүндө жатканына карабастан майнап чыккан эмес. Ал дем албай, тамырлары какпай калган. Мындан улам дарыгерлер бейтапты өлдү деп, өлүкканага өткөрүп беришкен.

Бир күн өткөндөн кийин өлүкканага келген дарыгер бейтаптын тирүү экендигин байкап калган.

Бул облустагы ооруканаларда мээ иш-аракетин жаза турган жабдыктар жетишсиз экендиги белгилүү болду. Дал ушул технологиялар адамдын тирүү же өлгөнүн так аныктайт. Бул аймакта өлүм тышкы белгилер менен аныкталат. Эгерде жүрөк мүнөтүнө бир жолу согуп калса, дарыгер аны укпай да калышы мүмкүн.

Азыркы учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2020-08-18 16:57:37
Бир күн тынч жатыптыр ызы чуу жок, ичер суусу түгөнө элек экен,азреил жанын алганы барган эмес
+16
adilbars
2020-08-19 11:38:30
Азреилдин колу бош эмес азыр, быйылкыдай катар өлүмдөр кайталанбаса экен эч качан
-1
Nurelmadina
2020-08-19 12:08:31
Супер Инфо айылда жашаган балдар шаарга окуга албай жатат пропискан кай жерде болсо ошол жерде мектепке барасынар деп кабыл албай жатышат Ош шарында биз жашаган айылда орус мектеп жок ошол жонундо макала жазып чыксаныздар жакшы болот еле биз шаарга жакын еле турабыз
+1
admin_superstan
2020-08-21 09:55:31
Nurelmadina,0557473939 кайрылсаңыз болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан