17-августтан тарта Тажикстанда аралыктан окуу жылы башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Негизи өлкөдө окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бирок быйылкы жылы окуу процесси жаз мезгилинде пандемияга байланыштуу үзгүлтүккө учурагандыктан, окуу 17-августка жылдырылган.
Ал эми мектептерден сырткары университеттерде жана колледждерде дагы сабактар коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Республикалык штабдын макулдашуусу менен 17-августта башталды.
Өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинин алдын-ала маалыматы боюнча, жаңы окуу жылында 220 миңден ашуун окуучу биринчи класска барат.
"Так статистикалык маалыматтар өлкөнүн тиешелүү шаарларынын жана райондорунун билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилгенден кийин болот", - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Эхсони Хушбахт.
Маалыматка ылайык, мектептердеги сабактын узактыгы биринчи класстын окуучулары үчүн 35 мүнөт, 2-11-класстардын окуучулары үчүн 45 мүнөт. Ошондой эле сабактар эки сменада өткөрүлөт. Биринчи эртең мененки саат 08:00дөн 12:55ке чейин болот, ал эми экинчиси саат 13:10дон 17:55ке чейин.