Өзгөн районунун жаңы акими болуп Болот Дыйканбаев дайындалды. Бул тууралуу Өзгөн райондук администарциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы аким бүгүн, 19-августта эмгек жамаат менен тааныштырылган.
Болот Дыйканбаев 1979-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган.
1997-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде окуган.
Буга чейин Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.