Финляндия кайрадан 10 өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө чектөө коёт

Финляндия бийлиги кайрадан 10 өлкөнүн жарандарын өлкөгө киришине чектөө коёт. Мындай чечимдин кабыл алынышы коронавирус пандемиясынын кесепетинен болгонун аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Мария Охисало билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Фин өкмөтү Норвегия, Дания, Исландия, Германия, Греция, Мальтага, ошондой эле Ирландия, Сан-Марино, Япония жана Кипрден келген жарандарга чектөө коёт", - деген ал.

Бул чечим 24-августтан баштап күчүнө кирет.

Аталган өлкө коронавирус эпидемиясынын айынан 19-марттан 13-майга чейин чек араларын жапкан. Ал эми 13-июлга чейин 20га жакын өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берилген.

Финляндияда коронавирус диагнозу 7 миң 776 адамга коюлган. Алардын арасынан 334 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан