COVID-19дан Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы каза болду

COVID-19 илдетинен Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Иркамил Турганбаев 60 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Турганбаев Иркамил Орозович 1960-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Терек-Суу айылында туулган.

1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, “Музыка ырдоо жана ырдоо мугалими” адистигине ээ болгон.

Ал эмгек жолун 1981-жылы музыка сабагынан мугалим жана көркөм жетекчи болуп иштөө менен баштап, 1984–жылга чейин эмгектенген.

2005-2009-жылдары Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык округунун башчысы болгон.
2010–жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Кара-Кулжа райондук маданият бөлүмүнүн башчысы катары эмгектенип келген.

Ал “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын отличниги” жана “Билим берүүнүн отличниги” төш белгилери менен сыйланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Иркамил Турганбаевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан