Мурдагы президент Бакиев Минскте экенин билдирди

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Минскте экенин билдирди. Бул тууралуу ал "Назарньюс" сайтына кабарлады.

"Курманбек Бакиев Беларустан чыгып кетти", деген сөз чындыкка дал келбейт. Мага оор абалда Беларустун президенти Лукашенко качкын макамын берип, ал тургай жакшы жашоого шарт түзүп жатса, Лукашенкону кыйын кырдаалда аны эч качан таштап кетпеймин. Аягына чейин жанында болом. Буга чейин дагы мен бирөөнү саткан эмесмин, сатпайм дагы. Учурда Минскте элемин. Дагы кайталайм, бул киши менен аягына чейин болом", - деди Курманбек Бакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан