"Инстаграмда түз эфирде болчу". Румыниялык ырчы авто кырсыктан каза болду

Румыниялык ырчы Тави Пустиу Инстаграмм социалдык тармагында түз эфирде болгон учурда унаасы поезд менен сүзүшүп, каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 29 жаштагы румыниялык ырчы Тави Пустиу унаа башкарып келе жатып, Инстаграмм баракчасында түз эфирге чыккан. Анын жанында жубайы дагы болгон. Мындан тышкары түз эфирде ал музыка угуп, айлананы жылмаюу менен карап жатып, поезд менен сүзүшкөн. Мунун баары анын түз эфиринде жүргөн учурда орун алган.

Окуя болгон жерде ырчы каза болгон. Анын 24 жаштагы келинчеги бир нече жаракат алып ооруканага жаткырылган. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, кырсык темир жолдун кесилишиндеги жол эрежелерди сактабагандыктан келип чыккан.

Бир ай мурун ырчы Фейсбук баракчасына "Бир күнү туура эмес поезд сени керектүү жерге алып барат" деген пост жазганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kadyrova_
2020-08-20 09:07:35
Апеей тооба тооба азыркы өлө тургандар өлөөрүн алдын ала билип калышканбы.тооба кылдым.Астафиролло.
+1
kechirmeni
2020-08-20 09:19:33
Бул корунуш башкаларга да сабак болушу керек,биздин стограмм жылдыздарына деги эле бардык колдонуучуларга
+2
Jelezo
2020-08-20 11:40:23
Жаштын тилегин берет деген чын экен
+1
bond02
2020-08-20 11:50:43
Ырас болуптур да, рульда баратып туз эфирге чык деп кайсы атан айтты эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан