Бүгүн, 20-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Ат-Башы районунун ички жолдорун реконструкциялоо боюнча иштер менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев ушул жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ат-Башы районунун 3 чакырым жолун асфальттоо пландаштырылганын, ал иш дээрлик аткарылып бүткөнүн билдирди.
Мындан сырткары начар абалдагы Ача-Кайыңды - Босого айыл аралык жолу кең көчөнүн боюндагы алты айылдын тургундарына кыйынчылыктарды жаратып келген. Тургундардын кайрылуусунан кийин аталган айыл аралык жолго асфальт төшөө иши планга киргизилген.
2020-жылдын август айында Ача-Кайыңды - Биринчи Май айыл аралык жолунун 2 чакырым бөлүгүн асфальттоо башталды. Иштин болжолдуу баасы 5 миллион 200 миң сомду түзөт.
Бул жерден Сооронбай Жээнбеков ар кандай көйгөйлөр, анын ичинде жеке мүнөздөгү маселелерди көтөргөн жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.
Мамлекет башчы көчөлөрдү асфальттоо боюнча ар жылкы пландуу иштер акырындык менен өлкөнүн ички жолдорунун абалын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.
"Азыркы заманбап коомду сапаттуу транспорттук инфратүзүмсүз өнүктүрүү мүмкүн эмес. Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкөбүздө автоунаа жолдору чечүүчү ролду ойнойт. Жолдор жок болсо турмуш да жылбайт, өнүгүү да болбойт. Андыктан, мамлекетибизге жолдорду куруу жана ремонттоо маселелерине чоң көңүл буруу абдан зарыл", - деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек ички жолдорду оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштер өлкөнүн бардык райондорунда жүрүп жатат.