Ошто эки бала каналга чөгүп кетип биринин жансыз денеси табылды

Кечээ, 20-августта Ош шаарынын Туран кичи районунда Күреңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 2 жаш бала (2011-жылы жана 2012-жылы төрөлгөн) чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 21-августта издөө иш-чараларын улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 22 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 07:30 чамасында 2011-жылы төрөлгөн М.М. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан