Германиянын канцлери Меркель Навальныйды дарылоого даяр экендигин билдирди

Германиянын канцлери Ангела Меркель орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга медициналык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Немис маалымат булактары билдиргендей, саясатчыны атайын рейс менен "Шарите" ооруканасына алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

"Германия Навальныйга бардык жардамдарды медициналык ооруканаларында көрсөтүүгө даяр", - деп билдирген Меркель.

"Навальныйды Европанын алдыңкы токсикологиялык борборуна которуу үчүн атайын уруксат кагаздарды, медициналык документтерди алууда жардам сурайбыз", - деп билдирген Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева.

Алексей Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

Ал эми саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш Навальныйды "чайга кошулган бир нерсе менен" ууландырышкан деп шек санап жатат. Анын айтымында, Навальный бул күнү чай гана ичкен.

Оппозициячыл активист өткөн жылы административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланууга шек саналып ооруканага түшкөн.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду менен Орусия президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга айыптап, алардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aurum77
2020-08-22 09:15:42
Концлер эмес,канцлер болот беле?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан