Ош шаарында 19-август күнү кечинде "күйөөсү аялы менен кичине баласын сабап жатат" деген видео Интернетте тарады.
Бул окуя боюнча Ош ШИИБине кайрылганыбызда видеодогу адамдардын аты-жөнү такталганын билдирди.
"Маалыматтар такталып жатат. Ал эми видеодогу адамдардын аты-жөнүн тактап, кызматкерлер иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.