Орусиядагы Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунда жасалган коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын медициналык инструкциясы жарыяланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вакцина аларда дарыгер адамдын дене табын өлчөп, карап чыгышы керек. Ал эми эмдөөдөн кийин киши жарым саат медиктердин көзөмөлүндө болот.
Эмдөө кош бойлуу жана бала эмизген келиндерге мүмкүн эмес. Ошондой эле вакцинанын курамындагы заттарга аллергиясы бар адамдар дагы аны ала албайт.
Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга кабылган кишилер сакайгандан кийин 2-4 аптадан соң вакцина алса болот. Ал эми сасык тумоонун жеңил формасы менен ооругандарга дене табы калыбына келери менен эмдөө жүргүзүлө берет.
Вакцинаны төмөнкү учурда өзгөчө кылдаттык менен пайдалануу керек:
- Боор жана бөйрөктүн өнөкөт оорулары;
- Кант диабети;
- Борбордук нерв системинин эпилепсия, инсульт сыяктуу оорулары;
- Жүрөк-кан тамыр оорулары;
- Алгачкы жана экинчи иммундук тартыштык;
- Аутоиммундук оорулар;
- Өпкө оорулары, астма, аллергия, экзема, метаболизм синдрому.
Адистердин айтымында, дары жакпай калганда адам чыйрыгып, дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырашы мүмкүн. Айрым учурда жүрөк айланып, тамакка табит жоголот. Кээде без шишип кетет.