Сооронбай Жээнбеков: "Аймактарда кырдаал оорлоп кетүү коркунучу дагы деле бар"

Бүгүн, 22-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берди. Анда өлкө башчы аймактарда кырдаал оорлоп кетүү коркунучу дагы деле бар экендигин айтты.

"Ооба, экинчи толкун деген божомол бар, аны баарыбыз билип жатабыз, окуп жатабыз. Аймактарда кырдаал оорлоп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон, ал кооптонуу дагы эле бар. Илдет басаңдады. Өкмөт да эскертти. Мындан ары илдетти жайылтпоо ар бир жарандын коомдук, социалдык жоопкерчилигинде, кайдыгер болбоңуздар дейт элем.

Ар бирибиз илдеттен өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, балдарыбызды сактаганды үйрөнүшүбүз керек. Ар бир адам өзүбүзгө кандай мамиле кылганды кааласак, башкага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Ошондо бул илдет менен күрөштө жеңебиз. Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Мына Европа өлкөлөрүн көрсөтүп жатышат, мисалы, Италияда, Францияда, Испанияда кайрадан ооруну жугузуп алгандардын саны көбөйүп, май айынан берки жаңы рекорд деп маалымдап жатышат.

Ошондуктан, "сактыкка кордук жок" демекчи, бул илдеттен коргонуу - ар кимибиздин өз колубузда. Буга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан