Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон 2 күндүк иш сапарына канаатанганын айтты. Бул тууралуу президент "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.
"Элетте эмне кеп? Элет эли жыйын-терим, талаачылык иши менен алек. Аларда биринчи эле сугат суу жана таза суу маселеси бар. Мектеп, ооруканалар, элге керектүү маселелер боюнча ой-пикир алмаштык. Алыскы Баткен, Нарын, Ат-Башыга барып, жүрүп жаткан иштер менен өзүм таанышып, көрүп келдим. Канааттандым десем болот. Айрыкча ирригация программасынын алкагында улуттук долбоорлор үзгүлтүксүз жасалып жатканы мени кубандырды.
Мына, жаңы окуу жылына даярдыктар болуп жатат. Аймактардагы авариялык мектептердин курулушун бүткөрүү сыяктуу маселелерге көңүл буруп жатам. Кечээ эле барып, өзүм көрүп, таанышып келдим. Билесиздер, Нарын районунун Кеңеш айылындагы вагон-мектеп бүт республикага таанылган. Ошол мектептин ордуна жаңы мектеп курулуп жатканын көрүп келдим. Ал жердин эли менен жолугуп, ой-пикир алмаштым.
Аймактардагы авариялык мектептерди оңдоо жана ооруканаларды оңдоп-түзөө ишине бирдей деңгээлде өзгөчө маани берип жатабыз. Аларга каражаттар бар, бюджеттик тартыштык болсо дагы токтоосуз иш жүрөт", - деди өлкө башчы.