Түштүк Суданда учак кулады

Түштүк Судандын борбору Жуба шаарындагы аэропорттон учуп чыкканына бир нече мүнөт болгон жүк ташуучу учак кулады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аэропорттун башкы директору Кур Куол Ажиеунун айтымында, кырсык болгон жерде куткаруу иши жүрүп жатат.

"Биз борттогу адамдардын тагдыры жөнүндө маалыматтарды күтүп жатабыз", - деген Ажиеу.

Учактын бортунда экипаж мүчөлөрү жана жүктү коштоп бара жаткан бир нече адам бар экендиги белгилүү болду. Учак Вау жана Авейль шаарларына учуп бармак. Кырсыктын себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан