Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өзүнүн резиденциясына автомат көтөрүп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.
Видеодо көрүнгөндөй, Лукашенко тик учактан түшкөндөн кийин колуна "Калашников" автоматына окшош снаряддуу мылтык көтөрүп алган. Ошол эле учурда президент ок өткөрбөс жилет кийип жүргөн.
Буга чейин нааразычылык акциясынын катышуучулары резиденцияга чейин келишкен. Коопсуздук күчтөрү учурда алардын жолун тосуп турат.
Бүгүн, 23-августта Минск шаарында нааразычылык маршы өтүп жатат. Ага 100 миңден ашык адам катышууда.