БШК Зиядин Жамалдиновдун депутаттык ыйгарым укугун токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Зиядин Жамалдиновдун депутаттык ыйгарым укугун токтотту. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жамалдинов башка партия менен шайлоого аттангандыгы үчүн мандатын тапшыруу арызы менен кайрылганын билдирди.

"Башка партия менен парламенттик шайлоого аттанганы жатам. Шайлоого депутаттык макамы жок барайын деп чечтим. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого аттанам", - деди ал.

Зиядин Жамалдинов "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан