Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Ариповдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал парламенттик шайлоого "Республика" партиясы менен аттануу чечимин кабыл алган. Мындан улам анын ыйгарым укуктары токтотулду. Бүгүн, 24-августта БШКнын жыйынында чогуу иштешкен кесиптештерине ыраазычылык билдирди.