ИИМдин академиясынын тушундагы кырсык: Унаада 5 адамдан турган үй-бүлө бара жаткан, анын үчөө каза болуп калды

Бүгүн, 24-августта ИИМдин академиясынын тушунан Субару Легаси менен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Буга чейин кырсыктан 1 жаш кыз каза болгону маалымдалган.

Кырсыктан жабыркагандар бир үй-бүлө экенин жана анын кесепетинен 3 адам каза болгонун Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматы SUPER.KG порталына билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан каза болду делген кыздын ата-энеси да мерт кетип, 2 баласы аман калган.

"Жабыркаган балдар азыркы тапта шаардык №3 балдар ооруканасында жатат. Алардын биринин абалы оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдирди аталган кызматтан.

Кырсык болгон жерге 5 "Тез жардам" бригадасы барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
algakaray
2020-08-24 21:38:32
Кайран кыргыз авариядан эле кобу кырылмай болду. Эмнеге катуу айдашат. Акырын айдасак мынча нерсе болбойт эле го
+10
Abdizhapar
2020-08-24 22:12:45
Негизи АЛЛА сактасын биринчи экинчиден права сатканды токтотуп тартип козомолду кучотуш керек
+6
Muslim_KGstana.
2020-08-24 22:59:28
Матиз куноолуу, ошолорду камаш керек.
-1
Asel69
2020-08-24 23:57:34
Жараткан Тенир кырсыктан сактасын. Тенирим тынчылык берсин.
-6
Shekeev969798
2020-08-25 16:44:08
Двухстаронный жол болсо Кайсы Акмак Каршы тилкеде айдайт????
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан