"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 23 миллион 500 миңден ашты

Бүгүн, 25-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 23 миллион 566 миң 502 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 15 миллион 248 миң 348 бейтап айыгып чыкса, 811 миң 409 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 738 миң 56 адамдан коронавирус аныкталды. 177 миң 229 адам каза болсо, 2 миллион 20 миң 774 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 622 миң 861 адамдан аныкталды. 115 миң 309 адам каза болсо, 2 миллион 976 миң 256 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 106 миң 348 адам вируска кабылган. 57 миң 542 бейтап көз жумса, 2 миллион 338 миң 35 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан