Ооругандар көбөйүүдө! Бишкекте дагы бир түнкү стационар ачылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда дагы бир түнкү стационар ачылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, стационар бүгүн, 17-июлда ачылды.

Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар "Талас жаштар ынтымагы" уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 09:00гө чейин алгачкы медициналык жардам, ийне саюу жана медициналык кеңеш ала алышат.
Түнкү стационарларга жашаган жерине карабастан, Чүй облусунун тургундары да биринчи медициналык жардам үчүн кайрыла алышат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан