Индонезияда каза болгон кыз жаназа маалында көзүн ачты

Индонезияда каза болгон 12 жаштагы кызды жакындары жаназага даярдап жаткан маалда көзүн ачты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, өспүрүм кыз кант диабети менен жабыркап, абалы оорлошкондон улам ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ооруканада кыздын каза болгонун билдиришкен. Андан соң жакындары жаназага даярдап башташкан.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, сөөктү жууп жатканда кыздын дене табы көтөрүлүп, жүрөгү кайрадан согуп баштаган. Жерине "Тез жардам" кызматы чакырылып, тилекке каршы көрүлгөн аракеттерге карабастан, өспүрүм кыз бир сааттан соң кайрадан көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-08-25 23:01:44
Эмне деген шумдук тооба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан