Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.
Ага ылайык, Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулганы маалымдалат.