"Абадан" миллиондогон акча жасаган өспүрүмдөр. "Forbes" журналы эң ийгиликтүү TikTok`чуларды атады
Чарли (Charli) жана Дикси Д'Амелио (Dixie D'Amelio)
Жош Ричардс (Josh Richards)
Эддисон Рэй Истерлинг
Лорен Грэй (Loren Gray)
"Forbes" журналы TikTok тиркемесиндеги баракчасы миллиондогон киреше алып келген адамдарды атады. Аталган тизмеде жайгашкандардын жашы 16дан 28 жашка чейин. Миллиондогон өспүрүмдөрдүн кумирине айланган TikTok жылдыздары жоктон чыга келгендей. Эч кандай монетизация жок экенине карабастан, мындай чоң киреше тапкан адамдардын сыры эмнеде экени баарына кызык.
Жогоруда аталган тизмеде алгачкылардан болуп 19 жаштагы Эддисон Рэй Истерлинг (Addison Rae Easterling) жазылган. Ал белгилүү бренддер менен келишим түзүп, 5 миллион доллар киреше тапкан. Ал TikTok`тогу карьерасы үчүн университеттеги окуусун таштаган.
Экинчи жана үчүнчү орунда Чарли (Charli) жана Дикси Д'Амелио (Dixie D'Amelio) жайгашкан алар 4 миллионго жакын киреше табышкан. Ал эми алдыңкы беш адамдын катарына Лорен Грэй (Loren Gray) 2 миллион 600 миң доллар кирешеси менен, ошондой эле Жош Ричардс (Josh Richards) 1 миллион 500 миң доллар кирешеси менен кирген.
Бир нече өлкөлөрдө аталган тиркемени маалымат коопсуздугун бузат деген жүйө менен колдонууга тыюу салынганы менен ал дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу социалдык тармакка айланганын эч ким тана албайт.
Сиз жөн гана убакытты "өлтүрүп" TikTok`тогу видеону көрүп жаткан учурда, Жер шарында дагы бир өспүрүм бул тиркеме аркылуу өзүнүн катардагы миллион долларын таап жатканын эсиңизден чыгарбаңыз.