
Украинанын мурдагы өкмөт башчысы
Юлия Тимошенкону дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппаратка кошту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, өткөн аптада Тимошенко, анын кызы жана күйөө баласы коронавирус жуктуруп алганы айтылган.
"Украина Жогорку Радасынын депутаты Юлия Тимошенконун дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаган. Ал ооруканага оор абалда жаткырылган. Ал эми анын жакындары илдетти жеңил өткөрүп жатат. Тимошенконун катчысы Марина Сороканын билдирүүсүнө караганда, азырынча жакшы жаңылык жок. Мурдагы өкмөт башчы терапиянын интенсивдүү курсун алып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Юлия Тимошенко Украинадагы белгилүү саясатчы, Жогорку Раданын депутаты жана "Батькивщина" партиясынын лидери. Ал дүйнө элине күчтүү саясатчы гана эмес, саркеч кийимдери жана өзгөчө чач жасалгасы менен таанымал.