Ооганстанда нөшөрлөгөн жаандан улам каптаган суу ташкыны 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Ал эми аталган өлкөнүн өкмөтү 300дөн ашуун киши жарадар болгондугун билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Ураган үйлөрдүн алдында калган адамдардын сөөктөрү дагы да чыгып жатканына байланыштуу каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн", - деп билдирген Парван провинциясынын администрация өкүлү Вахида Шахкар.
Ошондой эле кырсыктан көз жумгандардын көбү аялдар жана жаш балдар экендиги айтылууда.
Маалыматка ылайык, Кабулдан 60 чакырым түндүктө, Баграм авиабазасына жакын жайгашкан Парван аймагынын борбору Чарикар шаарындагы селден миңден ашык турак үй жараксыз абалга келген.