Жардам береби? Жээнбековго коррупция менен күрөшүүнүн жаңы стратегиясы жөнүндө айтышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тартылган көз карандысыз эксперттер менен тыгыз аракеттешүүнүн негизинде 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыгышты. Документ Коопсуздук кеңешинин жакынкы жыйынына киргизилерин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 26-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго доклад кылды.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сагынбаев анда эки жыл аралыгында республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы, ошондой эле Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору каралганы жана бекитиле турган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берген.

"Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр менен системдүү күрөшкө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди киргизүү каралган жана өлкөнүн антикоррупциялык саясатын күчтөндүрүүчү башка жаңы ыкмалар камтылган бул жаңы стратегия азыркы учурдун чакырыктары менен коркунучтарына жооп берерин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин катчысы декларациялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү максатында өкмөт менен биргеликте Кыргыз Республикасынын декларациялык мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы алмашылып жаткан тенденциялар коррупция менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды талап кылып жатканын белгиледи. Жаңы антикоррупциялык стратегияда актуалдуу багыттардын бардык комплексинин камтылышы маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамыры менен жоюуда заманбап санарип технологияларды натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына токтолду. Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы стратегия жакынкы жылдарга карата өлкөнүн базалык антикоррупциялык документи болушу керектигин баса белгиледи. Ал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик бийликке коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан