Москвада 85 жылдан бери жүргүнчүлөрдү тынбай ташып келген троллейбустук каттамдар жабылды

Москвада 85 жылдан бери жүргүнчүлөрдү тынбай ташып келген троллейбустук каттамдар жабылды. Алардын ордун автобустар менен электр бустары ээлейт. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Буга чейин Москва шаарында 6 троллейбустук каттам иштеп жаткан. Алардын баары токтотулду. Бирок шаар жетекчилиги троллейбустардын урматына бир каттамды калтырып, ал Комсомол аянтынан баштап Новорязанск көчөсүнө чейин жүрөт. Ошондой эле бул райондо шаардык транспорттор музейи ачылат. Музейден ар кайсы мезгилдердеги троллейбустардын түрүн көрсө болот. Ал эми шаар тургундарын жана конокторун экскурсия кылдыруу үчүн эки ретротроллейбус камдалган", - деп жазылат маалыматта.

Москвада алгачкы троллейбустук каттам 1935-жылы киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан