Инстаграм аркылуу эң көп киреше тапкан орусиялык блогерлердин рейтинги жарыяланды

"Forbes" журналы Инстаграмдан эң көп киреше тапкан орусиялык блогерлердин экинчи рейтингин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, рейтингдин сап башын кайрадан эле алпаруучу Ксения Собчак ээледи. Анын Инстаграм социалдык тармагы аркылуу жыл ичинде тапкан кирешеси 1 миллион 480 миң долларды түзгөн. Ал эми экинчи орунда ырчы Полина Гагарина, анын социалдык тармактан тапкан кирешеси 890 миң доллар, 3-орунга 850 миң доллар киреше менен алпаруучу жана блогер Ида Галич жайгашкан.

Инстаграм аркылуу көп киреше тапкан орусиялык атактуулардын алдыңкы ондугуна алпаруучу Ксения Бородина (770 миң доллар менен), блогер Алина Левда (760 миң доллар), алпаруучу Настя Ивлеева (610 миң доллар), блогер Валерия Чекалина (610 миң доллар), алпаруучу Регина Тодоренко жана ырчы Елена Темникова (600 миң доллар), ошондой эле мушкер Хабиб Нурмагомедов (600 миң доллар) менен кирген.

Атактуулардын Инстаграм аркылуу тапкан кирешесин "Forbes" журналы "WhoIsBlogger" компаниясы менен биргеликте аныктаган. Ага ылайык, 2 миллиондон ашуун катталуучусу бар атактуулар жана жыл ичинде эң көп пост жарыялаган 33 блогер тандалып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bema_bema
2020-08-27 11:23:58
Бузовасы жокго))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан