Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 5-ирет президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Кечээ, 26-августта Тажикстандын учурдагы ажосу Эмомали Рахмондун кезектеги президенттик шайлоого талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон азыр 67 жашта. Ал 1994-жылдан бери президенттик тактыда отурат. 1994, 1999, 2006, 2013-жылдагы шайлоолордо катышып, баарында жеңип чыккан.

Аталган өлкөнүн азыркы башчысынан тышкары дагы төрт адам президенттикке талапкерлигин койгон:

Рустам Латифзода – Агрардык партиясынан;

Абдухалим Гаффоров – Социалисттик партиясынан;

Саиджафар Усмонзода – Демократиялык партиясынан;

Рустам Рахматзода – Экономикалык реформалар партиясынан.

Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Анда азыр жалпы 5 талапкер президенттик үчүн ат салышканы турат. Тажикстанда президент 7 жылга шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2020-08-28 02:39:32
Лукашенкодой болбосо болду эми.. Кадыры менен кетиргиси келбеген нерсе тура бул бийлик деген нерсе...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан