Күндүзгү уйку өлүмдүн коркунучун жогорулатат

Күндүзгү уйку адамдын ден соолугуна зыян жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жаралган өлүмдүн коркунучун жогорулатат. Мындай жыйынтыкка кытай окумуштуулары узак жылдарга созулган изилдөөлөрдөн кийин келишкен.

Кытайдын Гуанчжоу медициналык университетинин окумуштуулары күндүзгү уйку жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам жаралган өлүмдүн коркунучун жогорулатарын аныкташкан. Изилдөөгө 313 миң 651 адам катышкан. Анда күндүз 60 мүнөттөн көп уктагандардын 30 пайызы ар кандай оорулардан улам, ал эми 34 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам эрте өлүмгө дуушар болгон. Канча саат болбосун күндүзгү уйку өлүмдүн коркунучун 19 пайызга жогорулатары белгилүү болгон. Мындай көрүнүш өзгөчө аялдарда көп кездешкен. Ал эми түнкүсүн жакшы уктай албаган адамдар күндүз 60 мүнөткө чейин гана уктап алса, анда жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат деп билдиришкен окумуштуулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Imon7
2020-08-28 08:55:16
Туура эле,
+1
AruuKasi
2020-08-28 11:51:41
2 жылдан бери тунку сменде иштейм анда тынчыганы калыпмында э
+2
KG-zigit
2020-08-28 21:58:39
AruuKasi,жашообуз бир Алланын колунда эч кыжаалат болбо тууганым.
Мен 2013ж бери тунку сменде иштеймин, Аллага шугур баары жакшы
0
Tyty1990
2020-08-28 15:35:50
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам мурун эле күндүзгү уйку жөнүндө айткан. Кытайлар эми аныкташса. Уйку жөнүндө көп сонун хадистердерди айткан
+1
Abdu77
2020-08-28 20:20:31
Каяктагы нерсени айтып башты оорутпагылачы. Баары жок бир АЛЛАнын колунда. Кытайын покту ыссык жептир. Ошончо жылдар кылымдар бою олбой келген адамзат эми эле олуп калат беле. Ажалын жетсе уктабасан деле олосун
0
Nursul
2020-08-28 22:12:14
Ушул окумуштуулар тажатышты покту билбей эле адамдардын башын оорута беришет.
0
iamjuma
2020-08-28 22:37:20
Мен кундузу уктап алам болбосо башым ооруп,чарчап калам.Ар нерсени жаза беришет
+1
Бектурган
2020-08-29 01:00:10
Эрте менен саат 9:00 дөн түшкү 13:00 аралыкта ким бир саат уктаса, түнкү 20 саат уйкуданда жакшы жана пайдалуу дейт Хадисте. А бирок Асырдан кийин уктаган уйку чындап өлүмгө жакын, жашоого коркунучтуу. Анан сүрөттөгү кыз жүз пайыз сүннөт эрежеси менен жатыптыр Мааша Аллаах, мына ушул көрүнүштө жатса шейиттин сообу берилет, эгер түнү өлүп калса шейиттин өкүмүндө кете берет...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан