Өзбекстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата түрмөдөгү 113 адамга мунапыс берилди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев камактагы адамдарга мунапыс берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 113 жаранга мунапыс берилет. Алардын ичинен 5 адам жазадан толугу менен кутулса, 53 адам мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулат. Ал эми 15 жарандын жазасы жеңилдетилди. Мындан тышкары камактагы 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Белгилей кетсек, мунапыс берилгендердин арасында жашы алтымыштан ашкан бир адам, чет өлкөлүк 2 жаран жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын 105 мүчөсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2020-08-29 10:37:44
Бизде да 2-мыйзам бар 1-пробация 2-мунапыс бизде да колдонсо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан