"Арасында балдар бар". Орусиядан мекенине 149 Кыргыз жараны кайтып келди

Кечээ, 27-августта Орусиядан мекенине 149 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 27-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын «Иркутск–Бишкек» багыты боюнча Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 149 Кыргыз жараны кайтып келди. Алардын арасында балдар да бар. Бул каттам менен Иркутск, Чите, Улан Удэ жана Якутскта жашаган Кыргыз жарандары кайтып келишти.

Аталган иш-чаралар Кыргыз жарандарын чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, 27-августтан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарынан аралыктан сатып ала алышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан