Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Анда Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 119 тартип бузуулар орун алганын кабарлады.
26-мартка караган түнү 193, 27-мартка караган түнү 146, 28-мартка караган түнү 157, 29-мартка караган түнү 119, 30-мартка караган түнү 122 жаран кармалса, 31-мартта 137 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.
"Бишкек шаарындагы абал туруктуу. Шаар тургундарын үйдөн чыкпоого чакырам. Күн сайын эрежени 100дөн ашуун адам бузуп жатат. Бул жаман көрсөткүч, биз бирге жеңишибиз керек", - деди комендант Орозалиев.
“Өткөн суткада саат 20:00дөн 07:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган”, - деп билдирди Алмазбек Орозалиев.