Япониянын премьер-министри ден соолугуна байланыштуу отставкага кетет

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетип жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай чечимди саламаттыгына байланыштуу кабыл алган.

Синдзо Абэ жон ичегесинин сезгенүүсү менен жабыркап келет. 2007-жылы дал ушул оорунун айынан өкмөт башчы кызматын таштоого мажбур болгон. Ал эми саламаттыгы жакшыргандан кийин, тагыраагы 2012-жылы премьер-министр болуп кайра шайланган.

Акыркы текшерүүлөрдө анын өнөкөт оорусу күчөгөндүгү, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан